Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 2
Отуз-Адыр айыл айыл аймагынын айылдарынын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык -аймактык түзүлүшү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамдарынын, Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ч.Эшиевдин 24.09.2025-жылдын №01-13-1639 сандуу кайрылуусунун негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу При-Савай, Казак, Тойчу, Чоок калктуу конуштарынын аталыштары жоюлуп, айылдардагы калк арасында болуп өткөн жыйындардын №1 протоколдорунун негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкууга алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Тойчу” калктуу конушуна- Тойчулук айылы, Беш-Кепе калктуу конушуна- Беш-Кепе айылы, Кожом-Бак калктуу конушуна-Кожом-Бак айылы, Зымырык калктуу конушуна-Зымырык айылы, Казак калктуу конушуна- Орто-Сай айылы, Чоок калктуу конушуна - Келечек айылы макамын берүүгө макулдук берилсин.
2. “Присавай” айылынын аталышы расмий тилде болгондугуна байланыштуу “Биримдик” айылы деп атоого макулдук берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Э.Ч.Эшиевке жүктɵлсүн.
4.Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук, коомдук тартип, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Атанов |