Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 4
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Колот айылындагы №136 С. Карыбеков атындагы жалпы билим берүү негизги мектеби мекемесине класс ачуу жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Колот айылындагы № 136 С. Карыбеков атындагы жалпы билим берүү негизги мектеби мекемеси Сары-Колот айылындагы №95 К.Жантошев орто мектебинен 4 чакырым алыстыкта жайгашкандыгына байланыштуу, жашаган тургундардын, мектеп директорунун жана Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-сентябрындагы кайрылуусунун негизинде кошумча класстарды ачуу максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Ак-Колот айылындагы №136 С.Карыбеков орто мектебине төмөндөгү класстарды 2025-2026-окуу жылында
- 1-кл-11 окуучу
- 2-кл-14 окуучу
- 2-кл-14 окуучу
- 3-кл-17 окуучу
4-кл- 17 окуучуга ачууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү, медицина, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .(А.Токтоназарова)
Төрага: | Д. Атанов |