Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 5
Айтикулова Назирага 40,0 (кырк миң) сом материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылынын тургуну Айтикулова Назиранын небереси тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн тез арада операция жасатууга акчалай жардам сурап арыз жазган. Жаранды материалдык жактан колдоо үчүн арызды карап чыгып, талкуулап Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айтикулова Назирага 40,0 (кырк миң) сом материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берилсин.
3. Акча каражатын бɵлүп берүү жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башкы эсепчиси Г.Атамбиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Д. Атанов |