Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 6
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин социалдык объект курууга макулдук берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынынсоциалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объектилерди куруу үчүн “Айыл чарба жерлери” категориясындагы жерлерди “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу жөнүндө” мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Колот айылындагы № 924 контурундагы 0,40 га жер аянты айыл чарба багытынан социалдык объект (Футбол аянтчасын) курууга макулдук берилсин
2. Ынтымак айылындагы № 927 контурундагы 2,50 га жер аянты айыл чарба багытынан социалдык обьект (ФАП, Бала бакча) курууга макулдук берилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Э.Ч.Эшиевке жүктɵлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеӊештин тиешелүү туруктуу комиссияна тапшырылсын.
Төрага: | Д. Атанов |