Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 7
Отуз-Адыр айыл аймагынынын Ак-Колот айылындагы “Сүйкүмтай” бала бакчасына кошумча тайпа кошуу жѳнүндѳ
Ак-Колот айылында бала-бакчага бара турган балдардын саны кобойгондүктөн, ата-энелердин кошумча тайпа ачуу үчүн суроо талабы өскөндүктөн Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин №257 токтомуна ылайык, бир тайпадагы максималдуу балдардын саны чектелгенине байланыштуу. Кошумча тайпа ачуу зарылдыгы келип чыккан. Жогорудагы маалыматтарды эске алып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-2026-жж окуу жылына карата “Сүйкүмтай” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Д. Атанов |