Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 10
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдарындагы кѳчѳлөрүнө татыктуу инсандардын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жɵнүндɵ” Мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зымырык участкасындагы Кеңеш айылынын 1-көчөсүнө “Ормонов Орозбекдин” ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Жаны-Кызыл-Суу айылынын жаштар көчөсүнө “Усөнов Алимбекдин” ысымын ыйгарууга макулдук берилсин .
3. Курбан-Кара айылынын тургуну Косимов Маткаримдин өзүнүн жашаган көчөсүнө ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
4. Присавай айылынын тургуну Авханов Мирзаны өзү жашаган көчөсүнө ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
5 .Курбан- Кара айылына караштуу “Дөң маала” айылындагы көчөгө Муса Мамаюсупов көчөсүнө чейин “Бейшебаев Улукбектин” ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
6. Курбан-Кара айылына караштуу “Тоок кана” айылындагы ички көчөсүнө “Авазов Ысмайылдын” ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
7. Курбан-Кара айылынын кире беришиндеги “Бай мааланин” биринчи көчөсүнө “Маматисаков Абдикаримдин” ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. ( Э.Эшиев)
9. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенештин укук, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов)
Төрага: | Д. Атанов |