Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 13
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү көп жылдык бак-дарактарга ижара акысын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жѳнүндѳ” токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетин кѳбѳйтүү максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине төлөнүүчү ижара акы :
а) 1 га көп жылдык мөмөлүү дарактарга:
- 1 жылдан 8 жылга чейин- 10000 сомдон;
- 8 жылдан жогору-20000 сомдон бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү кайракы жер салыгын 62 сомго бекитип берүүгө макулдук берилсин.
3 .Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарындагы эшик алды, ашыкча жана ыңгайсыз жерлерге түз келишим түзүүгө макулдук берилсин.
4. Отуз-Адыр айыл аймагында көп жылдык бак тиккен жарандардын ижара мөөнөтүн түз узартууга Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн чыккан 2025-жылдын 18-февралындагы №49 буйруктун негизинде иш алып барууга макулдук берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Э.Эшиев)
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Атанов |