Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 14
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгынын 5-пунктунун талабына ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүүнү Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Э.Эшиев)
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов).
Төрага: | Д. Атанов |