Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 15
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерди өндүрүштүк максатка өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынынсоциалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объектилерди куруу үчүн “Айыл чарба жерлери” категориясындагы жерлерди “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу жөнүндө” мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесине ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы төмөндөгү айыл чарба багытындагы жерлерди өндүрүштүк багытка өткөрүүгө макулдук берилсин:
а) Кызыл-Абад айылынын Ак-Жар участкасындагы №282 контурундагы 0,86 га жер аянтын арматура завод куруу үчүн;
б) Отуз-Адыр айылындагы тыт катарынан 0,77га сок завод куруу үчүн;
в) Курбан-Кара айылындагы түндүк чыгыш тарабындагы № 1188, № 1191а, № 1191б, контурундагы 5,94 га кайрак айдоо аянтын жана №1189а, №1190, №1192, №1200 контурундагы 2,51 га жайыт жер аянтын жалпы 8,45 га жер аянтына таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга;
г) Курбан-Кара айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы №1188, №1206 контурундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн кайра бөлуштүрүү фондунун 26,34 га кайрак айдоо аянтын жана №1190, №1201, №01204 контурундагы 1,38 га жайыт жер аянтын жана № 1209 контурундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун 3,98 га сугат жер аянтын жалпы 31,83 га жер аянтына логистикалык борбор курууга;
д) Фархад айылындагы 1,30га жер аянтына өндүрүштүк ишкана куруу үчүн өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого)
2. Отуз-Адыр айыл аймагы боюнча жүргүзүлүп жаткан инвентаризацияга 50000 ( элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн .(Э.Эшиев).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенешинин жер жана агрардык жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (Н.Жусупов).
Төрага: | Д. Атанов |