Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы “IV Элдик Курултайды өткөрүү” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ” Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесине, Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 13-октябрындагы кезексиз IX сессиясынын №1 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы “IV Элдик Курултайды өткөрүү” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн Маданият үйүндɵ ɵткɵрүлсүн.
2. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү боюнча жооптуулар №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү графиги, өкүлдөрдүн санын бекитүү нормасы, иш-планы №3,4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. IV Элдик Курултайга катышуучу делегаттарын шайлоо боюнча коомдоштуктун жыйынын 2025-жылдын 1-ноябрында Отуз-Адыр айылындагы М.Жаманкулов орто мектебинин окуу залында өткөрүү белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча топтун курамына тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын ɵзүмɵ калтырам.
Төрага: | Д. Атанов |