Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-августу № 2
Папан айыл аймагынын Шилбили участогунан көрктөндүрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 30-статьясынын 7-8-пункттарына таянып Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Шилбили” участогундагы №1232 контурундагы 1,3 га жантайынкы таштактуу жайыт жер аянты көрктөндүрүү (өздөштүрүү) максатында тиешелүү мамлекеттик мекемелерден каршы пикир болбогондуктан көрктөндүрүүгө (өздөштүрүүгө) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Исламов |