Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-августу № 3
Айыл өкмөтүнө автотранспорт каражатын лизингге алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемесине ылайык, 178 айыл өкмөтүнүн башчыларына автотранспорт каражаттарын “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг негизинде алуу милдети жүктөлгөн. Аталган тескеменин талаптарын өз учурунда жана так аткаруу, ошондой эле “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК тарабынан белгиленген ички процедураларга ылайык керектелүүчү документтерди 2025-жылдын 4-августуна чейин өткөрүп берүү зарылчылыгына байланыштуу, Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемесине ылайык, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына кызматтык пайдалануу үчүн автотранспорт каражатын “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу лизинг жолу менен алууга макулдук берилсин.
2. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК тарабынан белгиленген ички тартипке ылайык керектелүүчү документтер толук топтолуусун жана 2025-жылдын 4-августуна чейин өткөрүлүшүн камсыз кылуу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | А. Исламов |