Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-августу № 4
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга смета боюнча жыл башында бекитилген акча каражатын беренелер боюнча өзгөртүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн 70629 тармагынан 3111 Курулмалар куруу беренесинен айылдарга электр мамычасын сатып алууга Камыр-Суу, Андагул айылына бөлүнгөн 600,0 миң сом акча каражатын, Тогуз-Булак, Бөрү айылына бөлүнгөн 200,0 миң сом жалпы 800,0 миң акча каражаты Андагул айылындагы ФАПтын курулушуна жергиликтүү салым катары жылдырылып, пайдаланууга макулдук берилсин.
2. 70823 Маданият үйүн 3111 капиталдык ремонттоодон үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 1120,0 миң сом акча каражаты 70921 Билим берүү бөлүмүнө 2215 ар түрдүү кызматтар беренесине Ж. Шериев атындагы орто мектебинин жаңы имараттын жасалгасына (оформлениясына) 1000,0 миң сом мектептерге устав печаттарын алмаштырууга 120,0 миң сом жылдырылып пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана жер архитектура боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | А. Исламов |