Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-августу № 5
Кыймылсыз мүлк салыгын киреше салыгына өзгөртүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 20-май 2025-жылдагы чыгыш №01-19/160 сандуу катын карап жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетине салык боюнча өзгөртүү киргизүүгө Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыгына 2025-жылдагы бюджетине кыймылсыз мүлк салыгына 850,0 сом көп бекитилгендигине байланыштуу кыймылсыз мүлк салыгын азайтуу максатында 11311200 - статьясынан 310,0 сом кыймылсыз мүлк салыгы бекитилсин. 11311200 - статьясынан киреше салыгынан калган 540,0 сомду 11111100-cтатьясына өткөрүп өзгөртүүгө жалпы киреше салыгы 12155400 сом болуп бекитилишине макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | А. Исламов |