Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-августу № 6
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга СЭӨП программасын Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында карап чыгып жана талкууга алып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын планы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | А. Исламов |