Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-август №9-13
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана “Ат-Башы тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Н.Шаякматовдун Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана “Ат-Башы тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү боюнчажазган кайрылуусун угуп жана депутаттардын сунуш-пикирлерин талкуулап чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Н.Шаякматовдун кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан 2025-жыл ичиндеги өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жана тендерлер боюнча маалымат кат түрүндө айылдык кенештин кароосуна берилсин;
2. “Ат-Башы тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жана бухгалтердик иши боюнча көз карандысыз аудит жүргүзүлсүн.
a. Аудитти өткөрүү үчүн зарыл болгон акча каражаты Ат-Башы айыл аймагынын 9 айлык бюджетине өзгөртүү киргизүүдө каралсын.
3. Көрүстөндөр боюнча маселелерди чечүүдө тиешелүү иштерди аткарбагандыгы үчүн жооптуу кызматкерге кызматтык чара көрүлсүн;
4. Мындан ары көрүстөндөр боюнча иштерди жүргүзүү милдети Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Кудайбергеновго жүктөлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
6.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|