Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июну № 01-5/27
"Калктуу конуштарда жер ижарасынын акысын көбөйтүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Кожомкул айыл аймагындагы ижарага берилген муниципалдык жер тилкелеринин натыйжалуу пайдаланышынын камсыздоо,айылдык бюджетке кошумча каражат тартуу жана ижара акысынын азыркы базар бааларына шайкеш келтирүү максатында Кожомкул айылдык кеңеш токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Айыл чарба эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмдөрү бекитилсин.
Коммерциялык максаттар Бишкек Сокулук унаа жолунун боюнда Фрунзе көчөсү бир чарчы метрине бир айга 40 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Калктуу аймактын ичинде бир чарчы метрине 20 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Жашылдантыруу үчүн Бишкек Сокулук унаа жолунун боюнда бир чарчы метрине 20 сом бекитилсин. Калктуу аймактын ичинде бир чарчы метрине 10 сом бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөт башчысы М.Ш. Урматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |