Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылыштын кезектеги 13-сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 1
Чаек айыл аймагы боюнча Элдик Курултайга айыл аймагынан
делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №270 Жарлыгы менен аныкталган 2025-жылдын 22-декабрында өтүлүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө, Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрындагы кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык уюштуруу жөнүндө маселени карап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Жарандардын жыйынына жарандарды шайлоо боюнча Чаек айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн.
2. Чаек айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынындагы жарандардын жалпы саны 80 адамдан түзүлсүн.
3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу жарандардын өкүлчүлүктүн ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жарандардын жыйындарындагы жарандарды шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча 9 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны Жумгал райондук администрациянын имаратында 2025-жылдын 1-ноябрында саат 11.00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Муталиев |
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-октябрь 2025-жылдагы №1 токтомуна №1 тиркеме
Чаек айыл аймагынын калктуу конуштарын
бөлүктөргө бөлүү ченемдери
1. Ак-Татыр айылы, Чукур Ак-Секи;
2. Шортон айылы, Кара-Жээк аймагы, Чаек-центр;
3. Беш-Терек айылы, Кызыл-Жылдыз айылы;
4. Көк-Ой, Кичи-Арал, Арал айылы;
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-октябрь 2025-жылдагы №1 токтомуна №2 тиркеме
Жергиликтүү жамааттардын жарандардын жыйындарын өткөрүү боюнча графиги жана алардан шайлануучу жарандардын өкүлчүлүктүү ченемдери
№ | Жыйындын өткөрүү орду | Өткөрүү убактысы | Жарандардын өкүлчүлүктүү ченемдери | Жооптуулар
|
1 | Ак-Татыр айылы, Чукур-Аксеки айылы; Айыл өкмөттүн имараты | 20.10.2025-ж саат 10.00 | 23 жаран 16 эркек 7 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
2 | Шортон айылы, Кара-Жээк айылы, Чаек-центр Соң-Көл кинотеатрынын алды | 20.10.2025-ж саат 14.00
| 29 жаран 20 эркек 9 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
3 | Беш-Терек айылы, Кызыл-Жылдыз айылы К.Акыев атындагы орто мектеби | 21.10.2025-ж саат 10.00
| 14 жаран 10 эркек 4 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
4 | Көк-Ой айылы, Арал айылы, Кичи-Арал айылы Көк-Ой айылынын клубу | 21.10.2025-ж саат 14.00
| 14 жаран 10 эркек 4 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-октябрь 2025-жылдагы №1 токтомуна №3 тиркеме
Жергиликтүү жамааттардын жарандарынын жыйындарынын өкүлдөрүн шайлоо боюнча ар бир жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси:
1.Ак-Татыр айылы, Чукур-Аксеки айылы боюнча жооптуу- Д.Отунчиева, Р. Муктарова, Т. Акматов, Б. Абаев.
2.Шортон айылы, Кара-Жээк айылы, Чаек-Центр боюнча жооптуу- М.Оторбаев, К.Сейдакматов, Ж.Рысалиева, Ж.Тыналиева, К.Чалов, Э.Самудинова, Н.Шамырканов
3.Беш-Терек айылы, Кызыл-Жылдыз айылы боюнча жооптуу –Н.Мамбеткулова , Б.Кыдырмаев, Э.Кулманов, Э.Абдылдаев.
4.Көк-Ой айылы, Арал айылы, Кичи-Арал айылы боюнча жооптуу –А.Жапаров, Э.Кыйбатбек уулу, В.Кадиева, Э.Көчөрова.
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-октябрь 2025-жылдагы №1 токтомуна №4 тиркеме
Жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:
-Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Муталиев Алтай –комитеттин төрагасы;
- Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы-комитеттин катчысы А.Дөөлөтжанов;
Мүчөлөрү:
- Айылдык Кеңештин депутаты-Б.Абаев
-Айыл өкмөтүнүн соц.адиси- С.Касымбекова
-Айыл башчы-М.Асаналиев
-Айыл башчы-Т.Исраилова
-Айыл башчы-Р.Сакиев
-Демилгелүү топ- Д.Отунчиева
-Демилгелүү топ – Т.Өмүралиев
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов
Чаек айыл аймагынын айылдык
Кенешинин кезектеги I
сессиясынын 14-октябрь 2025-жылдагы №1 токтомунун №5 тиркемеси