Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 19-чакырылышынын
6-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 2-сентябры №6/1
Ирригация системаларды, курулмаларды Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренелерине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы муниципиалдык менчик катары пайдаланып келген ирригациялык системалар жана курулмалар муниципиалдык менчик катары пайдалануудан баш тартылсын. Кара-Суу айыл аймагына караштуу Терек-Суу суусу, Кембел суусу,
Кара-Суу саз суусу, Дөң-Сары булак, Төш-Булак, Кошой, Буркан, Четкелтебек, Шамбет, Кара-Сууга кетчү суу Баш-Келтебек, Калама каналы, Шырыкты каналы. Жалпы узундугу 155,92 км ички каналдары, ирригация системалары, курулмалары мамлекеттик менчикке алынып, суу ресурстары кызматынын Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. 2025-жылдын 23-апрелиндеги №3/8 токтому күчүн жоготту деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына ирригациялык системаларды, курулмаларды өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Аалиевгемилдеттендирилсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |