Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылыштын кезектеги 13-сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 2
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388 жана 404 беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффициенттер (Кз) жана нарктык зоналарды бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388 жана 404 беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффициенттер (Кз) жана нарктык зоналарды бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388 жана 404 беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу нарктык зоналардын чектери (Кз) зоналдык коэффициент 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |