Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылыштын кезектеги 13-сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 3
Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. 2025-жылдын сентябрь айынан баштап төмөндөгү бала бакчалардын тамак ашына
1. “Шабданбек уулу Алтынбек” бала бакчасына -623,0 миң сом;
2. “Миңбаев Эрнис” бала бакчасына -512,0 миң сом;
3. “Актатыр” бала бакчасына -520,0 миң сом;
4. “Бештерек алтын балалык” бала бакчасына -210,0 миң сом;
5. “Байчечекей-Жумгал” бала бакчасына -450,0 мин сом;
6. “Күн-Желеси” бала бакчасына -380,0 миң сом;
7. “Көз-Мончок” бала бакчасына -311,0 миң сом;
8. “Жумгал-Баластан” бала бакчасына – 250,0 миң сом:
жалпы 3256000 (үч миллион эки жүз элүү алты миң) сом кошумча план берилсин.
2. 3111 беренесиндеги Көк-Ой айылынын жарыктандыруусуна деп каралган 350000 (үч жүз элүү мин) сом акча каражаты, 3111 беренесиндеги РайПО жакка балдар ойноочу аянтчага деп каралган 218000 (эки жүз он сегиз миң) сом акча каражаты, 3111 беренесиндеги Кызыл-Жылдыз айылындагы балдар ойноочу аянтчага деп каралган 218000 (эки жүз он сегиз миң) сом акча каражаты – жалпы 786000 (жети жүз сексен алты миң) сом акча каражаттан Кызыл-Жылдыз айылындагы жаңы ачыла турган 10 сааттык бала бакчага 687200 (алты жүз сексен жети миң эки жүз) сом акча каражаты 3112 беренесине жылдырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |