Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылыштын кезектеги 13-сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 5
Жумгал райондук өнүктүрүү фондусунун каржылоосуна Чаек айыл өкмөтү тарабынан даярдалып жаткан долбоорлорун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, Жумгал райондук өнүктүрүү фондусунун каржылоосуна Чаек айыл өкмөтү тарабынан даярдалып жаткан долбоорлорун бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагындагы “Бештерек айылынын Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин эшигинин алдына брусчатка төщөө” , “Кызыл-Жылдыз” айылына үч жерге балдар аянтчасын куруу”, “Кызыл-Жылдыз айылынын К.Акыев атындагы орто мектебинин астына навес куруу”, “Чаек айылына балдар ойноочу аянтча куруу”, “Актатыр айылынын паркын ремонттоо” долбоорлоруна акча каражатын каржылоо жагы Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |