Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июну № 01-5/28
“Мамлекеттик лизинг компаниясынан техника алуу боюнча”
Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнө ылайык, айыл ичиндеги таштандыларды өз убагында чыгаруу жана айыл аймагынын тазалыгын камсыздоо, муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүдө негизги каражаттарды жаңыртуу жана чарбалык иштерде заманбап техника сатып алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №137-т тескемесине ылайык, Ошондой эле лизинг шарты менен алынуучу 3 даана атайын техниканы сатып алууга
Токтом кылат:
1. 2025-жылдын бюджетинен 4000,0 мин сом өздүк салым катары бөлүнсүн.
2. 2025-жылдын бюджетинен 1600,0мин сом төлөм графигине ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Алынган техниканын каттоосу айыл өкмөтүнүн бюджети аркылуу жүргүзүлсүн.
4. КЭБ башысы С.Кубановага бөлүнгөн каражаттарды өз убагында төлөөнү камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айыл өкмөттүн башчысына М.Ш.Урматовга жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |