Загрузка документа…
2025-ж. 14-октябрындагы
№ 21-1 Кыргыз Республикасынын
Энергетика министрлигинин
буйругу менен бекитилген
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТТИК УЮМДАРЫНЫН ЭЛЕКТР, ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГИЯЛАРЫН ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫН КЕРЕКТӨӨ ЛИМИТТЕРИН ТҮЗҮҮНҮН МЕТОДИКАСЫ
М А З М У Н У
| Киришүү …………………………………………………………... | 3 |
1. | Жалпы жоболор................................................................................ | 4 |
2. | Негизги терминдер жана аныктамалар………………………….. | 5 |
3. | Энергия булактарын керектөө лимиттерин түзүү боюнча жалпы талаптар............................................................................................. | 11 |
4. | Энергия булактарын керектөө лимиттерин түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, бюджеттик уюмдардын жана энергия булактарын берүүчүлөрдүн компетенциясы..................... | 13 |
5. | Бюджеттик уюмдарды энергетикалык изилдөө………….............. | 19 |
5.1. | Энергетикалык изилдөөнүн максаттары жана милдеттери........... | 19 |
5.2. | Энергоаудит булактары жана ишенимдүү документ базасы......... | 22 |
6. | Энергия булактарын керектөөнүн лимиттерин аныктоонун, эсептөөнүн жана бекитүүнүн тартиби............................................. | 23 |
6.1. | Энергия булактарын керектөө лимиттеринин ишенимдүү чоңдуктарын аныктоо методикасы................................................. | 25 |
7. | Энергоаудит боюнча Анкетаны толтуруу тартиби............ | 27 |
8. | Имараттын жылуулук керектөөсүн эсептөө. Жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу максатында жылуулук энергиясы........... | 53 |
8.1. | Имараттардын жана курулмалардын жылуулукка муктаждыгын аныктоо................................................................................................. |
54 |
8.2. | Казандар жана башка отун колдонгон орнотмолор үчүн отун чыгымдарын аныктоо……........................................ | 56 |
8.3. | Жылуулук энергиясына болгон муктаждыкты жана ысык суу менен камсыздоого отундун чыгымдалышын аныктоо.................. | 60 |
8.4. | Чарбалык-тиричилик муктаждыктарына жана тамак-аш даярдоого отундун сарпталышын аныктоо...................................... | 61 |
8.5. | Тамак-аш, нан жана нан азыктарын бышырууга отунга болгон муктаждыкты аныктоо....................................................................... | 64 |
9. | Бюджеттик чөйрөдө электр керектөөнү эсептөө............................. | 65 |
9.1. | Электр менен жабдуу тутумунда энергетикалык изилдөө жүргүзүү............................................................................................... |
65 |
9.2. | Бюджеттик уюмдар үчүн электр энергиясын иш жүзүндө керектөөнү аныктоо……………………………………………....... | 67 |
9.3. | Насостук станциялар үчүн электр энергиясына керектөөнү ченемдик ыкма менен аныктоо методикасы................................... | 71 |
9.4. | Электр энергиясын эсептөө чынжырлары үчүн эсептөө приборлорунун жана ток трансформаторлорунун типтерин тандоо.................................................................................................. | 72 |
10. | Бюджеттик чөйрөдө газ керектөөнү эсептөө................................... | 78 |
| Тиркемелер....................................................................................... | 81 |
|
|
|
Электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын (энергия булактарын) керектөөнүн лимиттерин түзүү методикасы (мындан ары - Методика) энергетикалык изилдөөнүн жүрүшүндө алынган энергия булактарын керектөөнүн анык чоңдугунун негизинде жеке керектөөгө пайдаланылуучу республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден (бюджеттик уюмдардан) каржылануучу электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын лимиттерин бекитүү үчүн арналган.
Электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын лимиттерине төмөнкүлөр киргизилет:
- бюджеттик уюмдардын өздүк керектөөсү үчүн пайдаланылуучу жана энергияны эсептөөнүн коммерциялык каражаттарынын (эсептөө приборлорунун) маалыматтарынын негизинде алынган, ал эми алар жок болгон учурда ушул Методиканын негизинде эсептелген электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын чыгашалары;
- электр, жылуулук жана газ тармактарындагы жана алардын жабдууларындагы (аба жана кабелдик линиялар, трансформаторлор, жылуулук тармактары ж.б.) энергия булактарын берүүчүлөрдүн тармактарына жана жабдууларына кошулууга техникалык шарттарга (баланстык таандык Акт) ылайык бюджеттик уюмдун балансында турган электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын техникалык жоготуулары. Техникалык жоготуулар тиешелүү эсептөөлөр менен негизделиши керек.
Электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын лимиттерине энергия алып жүрүүчүлөрдүн чыгымдары киргизилбейт:
- сервитуттун негизинде бюджеттик мекемелердин ижарага алынуучу жайларында (субабонент-ижарачылар), калкка (ведомстволук турак үйлөр, үй-бүлө үчүн жатаканалар, офицердик курамдын үйлөрү, дачалар ж. б.), энергетикалык жабдууларга жана бюджеттик уюмдардын тармактарына кошулган жана энергияны жалпы коммерциялык эсепке алуу аркылуу энергия булактарын алган поселокторго жана башка уюмдарга берилген бюджеттик эмес керектөөчүлөргө;