Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
X ЧАКЫРЫЛЫШТЫН XIII СЕССИЯСЫНЫН III КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 22-октябры № 2
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеши 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин 2025-жлдын 9 айына карата үнөмдөлгөн жана пайданылбай калган 966,4 миң сом акча каражатын карап бекитүү жөнүндө
Ак-Моюн айылдык кеңешинин Xчакырылыштын 13- сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап,Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жлдын 9 айына карата үнөмдөлгөн жана пайданылбай калган 966,4 миң сом акча каражатын карап чыгып: токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин 2025-жлдын 9 айына карата үнөмдөлгөн жана пайданылбай калган 966,4 миң сом акча каражатын карап бекитип бекитүү
- 701 11 бөлүгүнүн 22154300 элементине 26,4 миң сом, КР МСУ Союзга мүчөлүк акыга;
- 701 11 бөлүгүнүн 22154900 элементине 150,0 миң сом, Ак-Моюн-Тазалык муниципалдык ишканасына парк тосууга;
- 701 11 бөлүгүнүн 22154900 элементине 100,0 миң сом, укуктук документтерди жазатууга;
- 701 11 бөлүгүнүн 31122290 элементине 385,0 миң сом, Бирлик айылына электр линиясын тартууга;
709 21 бөлүгүнүн 22221200 элементине 270,0 миң сом, С.Исраилов бала бакчасына курулуш материалдарын алууга;
-709 21 бөлүгүнүн 31122290 элементине 35,0 миң сом, А.Койчуманов мектебине килем алууга;
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп www.ak-moyun.org.kg веб- сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин .
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Молдоевге жана өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Кайыпов |