Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 12-ноябры № 254
Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Терминдер жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) тамак-аш продукциясынын коопсуздугу - тамак-аш продукциясынын адамга жана келечек муундарга зыяндуу таасири менен байланышкан жол берилбес тобокелдиктин жоктугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү абалы;
2) тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудити - тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарын сактоо бөлүгүндө субъекттин ишинин ал билдирген шарттарга (стандарттарга, тутумдарга) жана кабыл алган милдеттенмелерге иштин шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) формасы;
3) техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) - жеке ишкерлер катары катталган юридикалык жана жеке жактардын продукцияга карата техникалык регламенттердин талаптарын сактоосун текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши;
4) мамлекеттик мониторинг - тамак-аш азыктарынын, азык-түлүк чийки затынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын коопсуздугу, адамга жугуучу жаныбарлардын ооруларынын учурлары, ошондой эле тамак-аш азыктарындагы жана тоюттардагы ветеринардык препараттардын, пестициддердин жана булгоочу заттардын калдыктары табылган учурлар жөнүндө маалыматтарды топтоону, талдоону жана баа берүүнү кароочу мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) формасы;
5) тобокелдиктер жөнүндө маалымдоо - бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы тобокелдиктер жана аларды башкаруу боюнча чаралар жөнүндө маалымат алмашуу;
6) тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө интеграцияланган мамиле - тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун жана сатуунун бардык этаптарында тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган ар түрдүү усулдарды, стандарттарды жана технологияларды комплекстүү пайдалануу;
7) Кургактагы жаныбарлардын ден соолук кодекси - Жаныбарлардын ден соолугунун дүйнөлүк уюму тарабынан жаңыланып жана жарыяланып туруучу кургактагы жаныбарлардын ден соолугунун, ошондой эле калктын саламаттыгын ветеринардык жактан камсыз кылуунун дүйнөлүк стандарттары;
8) "Алиментариус кодекси" комиссиясы - керектөөчүлөрдүн ден соолугун коргоо жана тамак-аш азыктарын сатууда ак ниеттүү практиканы камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) менен биргеликте түзүлгөн тамак-аш азыктарына карата стандарттар боюнча эл аралык орган;
9) талаптагыдай гигиеналык практика - алынган продукцияда химиялык тектеги зыяндуу заттардын топтолуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу, ошондой эле тамак-аш продукциясынын жана азык-түлүк чийки затынын коопсуздугуна же тамак-аш чынжырчасынын кийинки этаптарында пайдалануу үчүн алардын жарактуулугуна таасир этүүсү мүмкүн болгон механикалык жана микробиологиялык булганууга жол бербөөчү шарттарды түзүү;
10) талаптагыдай айыл чарба практикасы - коопсуз тамак-аш продукциясын өндүрүүнү камсыз кылуучу алгачкы өндүрүү баскычында, ошондой эле ташууда жана сактоодо айыл чарба продукциясын (азык-түлүк чийки затын) өндүрүү үчүн шарттарды түзүү;
11) жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген тамак-аш продукциясы - кайра иштетүүдөн (иштетүүдөн) өтпөгөн бардык түрдөгү азык берүүчү жаныбарлардын бүкүлү эти (тулкусу), алардын бөлүктөрү (анын ичинде каны жана субпродуктулары), чийки сүт, майы алынган чийки сүт, чийки каймак, балчылык продукциясы, жумуртка жана жумуртка продукциясы, суудагы биологиялык ресурстарды кармоо, аквакультура продукциясы;
12) алгачкы өндүрүү - өсүмдүктөрдү өстүрүүнү (анын ичинде пестициддерди колдонуу менен), малды союу, сүт саап алуу үчүн багууну (анын ичинде ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын колдонуу менен), ошондой эле жапайы өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды алууну, балык өстүрүүнү камтыган өндүрүү (даярдоо) баскычы;
13) тамак-аш продукциясы - адамдын тамак-ашына керектөө үчүн арналган жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн алынган, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык тектеги табигый, иштетилген же кайра иштетилген түрдөгү азыктар, анын ичинде адистештирилген тамак-аш продукциясы, идишке өлчөп бөлүштүрүлгөн ичүүчү суу, ичүүчү минералдык суу, алкоголдук продукция (анын ичинде сыра жана сыранын негизиндеги суусундуктар), алкоголсуз суусундуктар, тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмалар (БАКтар), сагыз, угут жана микроорганизмдердин старттык өсүндүлөрү, ачыткылар, тамак-аш кошулмалары жана жыт бергичтер, ошондой эле азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты;
14) диеталык дарылоо азыгынын тамак-аш продукциясы - белгилүү бир азыктык жана энергетикалык баалуулугу, физикалык жана органолептикалык касиеттери бар жана дарылоо диеталарынын курамында пайдалануу үчүн арналган адистештирилген тамак-аш продукциясы;
15) диеталык алдын алуу азыгынын тамак-аш продукциясы - углевод, май, белок, витамин жана зат алмашуунун башка түрлөрүн түзөтүү үчүн арналган, айрым заттардын табигый маңызы жана (же) катышы алардын табигый маңызына карата өзгөртүлгөн жана (же) курамына башында болбогон заттар же компоненттер киргизилген адистештирилген тамак-аш продукциясы, ошондой эле оорулардын өнүгүү тобокелдигин азайтуу үчүн арналган тамак-аш продукциясы;
16) балдар азыгы үчүн тамак-аш продукциясы - балдар азыгы үчүн (0 жаштан 3 жашка чейинки наристе курактагы балдар, 3 жаштан 6 жаштагы мектепке чейинки курактагы балдар, 6 жаштагы жана андан улуу мектеп жашындагы балдар үчүн) арналган, балдардын организминин тиешелүү физиологиялык муктаждыктарына жооп берүүчү жана тиешелүү курактагы баланын ден соолугуна зыян келтирбөөчү адистештирилген тамак-аш продукциясы;
17) өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясы - үй шарттарында жана (же) жеке көмөкчү чарбаларда жарандар тарабынан же багбанчылык, чарбакчылык, мал чарбачылыгы жана иштин башка түрлөрү менен алектенген жарандар тарабынан алынган тамак-аш продукциясы;
18) жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясы - жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясы салттуу ыкмалар менен алынган, жүгүртүүдө турган жана түзүлгөн тажрыйбадан улам коопсуз деп таанылган тамак-аш продукциясын кошпогондо, Бажы бирлигинин бажы аймагында адам тамак-ашка мурда пайдаланбаган, атап айтканда жаңы же атайылап өзгөртүлгөн алгачкы молекулярдык түзүмү бар, микроорганизмдерден, микроскопиялык козу карындардан жана балырлардан, өсүмдүктөрдөн турган же бөлүнгөн, ГМОну же аларды камтыгандарды, наноматериалдарды жана нанотехнологиялар азыктарын пайдалануу менен алынган тамак-аш продукциясы (анын ичинде тамак-аш кошулмалары жана жыт бергичтер);
19) азык-түлүк чийки заты - өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган, микробиологиялык, минералдык жана жасалма тектеги чийки зат (заттар), ошондой эле тамак-аш продукциясын өндүрүү процессинде пайдаланылуучу суу;
20) тамак-аш продукциясына көз салуу - тамак-аш продукциясын иштетүү (түзүү), өндүрүү (даярдоо) жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу бардык этаптарынын (процесстеринин) аралыгында анын коопсуздугун документ түрүндө (электрондук жана /же кагаз түрүндө) ырастоо, тамак-аш продукциясынын, азык-түлүк чийки затынын жана тамак-аш продукциясы менен байланыштагы материалдардын орун алмашуусун белгилөө мүмкүнчүлүгү;
21) тобокелдикти баалоо - зыянкечтин же болбосо илдеттин кирүү, тамыр жаюу же таралуу ыктымалдуулугун жана аны менен байланышкан потенциалдуу биологиялык жана экономикалык кесепеттерди идентификациялоону, мүнөздөөнү, ошондой эле жана сапаттык жана (же) сандык баа берүүнү камтыган процесс же тамак-аш продукциясында кошулмалардын, булгоочу заттардын, токсиндердин же ооруну пайда кылуучу организмдердин болушуна шартталган адамдын же жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна жагымсыз таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө баа берүү;
22) субъект - тамак-аш продукциясын жана/же азык-түлүк чийки затын алгачкы өндүрүүнү, өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, импорттоону, ташууну, сактоону, сатууну, утилдештирүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жак;
23) тамак-аш продукциясын жок кылуу - тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген тамак-аш продукциясын, анын адамга, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө карата жагымсыз таасирине тете болгон, аны ар кандай пайдалануу жана колдонуу үчүн жарамдуулугун жокко чыгаруучу абалга келтирүү;
24) тамак-аш продукциясын утилдештирүү - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген, тамак-аш продукциясы үчүн арналган жана адатта пайдаланылган максаттардан айырмаланган тамак-аш продукциясын пайдалануу же болбосо ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген тамак-аш продукциясын ар кандай пайдаланууга жана колдонууга жараксыз, ошондой эле анын адамга, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө тийгизүүчү терс таасирин четтетүүчү абалга келтирүү;
25) фортификация - тамак-аш азыктарын технологиялык иштетүүнүн натыйжасында келип чыккан жоготууларды алардын табигый маңызынын деңгээлине чейин толтуруу максатында тамак-аш азыктарына микронутриенттерди киргизүү, ошондой эле тамак-аш азыктарында башында камтылбаган микронутриенттерди алардын табигый маңызынан жогору деңгээлге чейин кошуу процесси.
2-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (импорттолгон), ошондой эле тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардыгында тамак-аш продукциясына жайылтылат.
2. Ушул Мыйзам тамак-аш азыктары менен байланыштагы материалдарга жана буюмдарга, ошондой эле аларды өндүрүүнүн жана иштетүүнүн этаптарына жайылтылат.
3. Ушул Мыйзам тамак-аш азыктарын алуу үчүн пайдаланылуучу азык берүүчү жаныбарлар үчүн арналган тоюттарга жана тоют кошулмаларына, ошондой эле тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүү (даярдоо), иштетүү, жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу этаптарына жайылтылат.
4. Ушул Мыйзам тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) жана иштетүү процессинде пайдаланылуучу ар кандай агрегаттык абалдагы сууга жайылтылат.
5. Ушул Мыйзамдын күчү жеке керектөөгө арналган жана жүгүртүүгө чыгарууга тийиш болбогон тамак-аш продукциясына жайылтылбайт.
3-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган макулдашуулардын жоболоруна негизделет.
2. Эгерде мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуунун принциптери
Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
- адамдын өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн тамак-аш продукциясынын коопсуздугунун артыкчылыктуулугу;
- адамдын ден соолугуна ыктымалдуу зыяндуу таасирдин алдын алуу;
- тамак-аш продукциясы коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун илимий негиздүүлүгү;
- ыйгарым укуктуу органдардын жана субъекттердин ишинин ачыктыгы;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн субъекттердин жоопкерчилиги;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) ага көз салуу;
- маалыматтын ачыктыгы, жеткиликтүүлүгү, аныктыгы;
- адамдын өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын эл аралык ченемдери жана эрежелери менен шайкештиги;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) анын коопсуздугун камсыз кылууга карата интеграцияланган мамиле.
5-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- адам өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо;
- ата мекендик тамак-аш продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- бул чөйрөдө ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы керектөөчүлөрдүн маалымдар болуу деңгээлин жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын компетенттүүлүгүн бекемдөө.
2. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
- тобокелдикти талдоонун негизинде тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана өткөрүү;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардыгында ага көз салуунун бирдиктүү тутумун иштетүү;
- превентивдүү чараларды, тобокелдикти талдоонун негизинде мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаал шарттарында кечиктирилгис санитардык эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык чараларды көрүү;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында мамлекеттик жөнгө салууга тартылган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана аларды координациялоо;
- аталган чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
6-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу тутуму
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу тутуму тамак-аш продукциясын түзүү жана жүгүртүү процессинде адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө кооптуулукту жараткан тобокелдикке жол бербөөгө багытталган чаралардын комплексин билдирет.
2. Коопсуздукту камсыз кылуу тутумунун шаймандары болуп төмөнкүлөр саналат:
- тобокелдикти талдоо;
- тамак-аш продукциясына көз салуу тутуму;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугуна карата талаптар;
- коопсуздукту камсыз кылуу инфратүзүмү.
3. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тамак-аш продукциясын түзүү жана жүгүртүү процессинде аны өндүрүү (даярдоо) этаптарында, сактоо, ташуу, сатуу, утилдештирүү, импорттоо, анын ичинде тамак-аш продукциясы менен байланыштагы материалдарды пайдаланууда колдонулат.
7-берене. Тобокелдикти талдоо
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды колдонуу тобокелдикти талдоого негизделет.
Тобокелдикти талдоо "Алиментариус кодекси" комиссиясынын жана Кургактагы жаныбарлардын ден соолук кодексинин сунуштамаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
2. Тобокелдикти талдоонун максаты потенциалдуу коркунучтарды табуу жана сыпаттоо, болжолдонгон тобокелдиктерди жокко чыгаруучу же төмөндөтүүчү шарттарды түзүү жана чараларды көрүү болуп саналат.
3. Тобокелдикти талдоо - өз ара байланышкан төмөнкүдөй үч компоненттен турган процесс:
- тобокелдикке баа берүү;
- тобокелдикти башкаруу;
- тобокелдиктер жөнүндө маалымдоо.
4. Тобокелдикке баа берүү көз карандысыз, калыс жана ачык түрдө жүргүзүлөт. колдо болгон илимий маалыматтарга негизделет жана кооптуу факторлорду табууну, сыпаттоону жана аларга баа берүүнү, тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдуулугун жана анын даражасын аныктоону камтыйт.
Мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү максатында тобокелдикке баа берүүнү жүргүзүү тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
5. Тобокелдикти башкаруу - тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардык этаптарында тартылган субъекттер тарабынан тобокелдиктин алдын алуу, аны төмөндөтүү жана жоюу боюнча чараларды тандоо жана көрүү процесси.
Тобокелдикти башкаруу натыйжалуу жана тобокелдикке шайкеш болууга тийиш.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жактар тобокелдикке баа берүүнүн бүткүл процессинин ичинде маалыматты жана тыянактарды алмашууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле тобокелдиктер жөнүндө бардык кызыкдар жактарга өз убагында маалымдоого милдеттүү.
6. Өзгөчө кырдаалдар учурунда кечиктирилгис санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык чаралар тобокелдикке баа берүүнүн натыйжаларына карабастан көрүлөт.
8-берене. Көз салуу
1. Тамак-аш продукциясына көз салуу аны иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) төмөнкүдөй максаттарда камсыз кылынат:
1) тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген продукциянын рынокко келип түшүүсүнүн алдын алуу;
2) тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) кооптуулук булагын белгилөө;
3) керектөөчүнү коргоо максаттарында кооптуу продукцияны алып салууну камсыз кылуу;
4) тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) жооптуу субъекттерди белгилөө;
5) кызыкдар тараптар жана керектөөчүлөр менен маалымат алмашуу.
2. Субъекттер аларга тамак-аш азыктарын жана тоюттарды, тамак-аш азыктары алынган жаныбарларды же тамак-аш азыктарына жана тоюттарды кошуу үчүн арналган заттарды берүүчү субъекттерди, ошондой эле алар тамак-аш азыктарын жана тоюттарды берүүчү субъекттерди аныктоого мүмкүндүк берүүчү тутумга жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн тутумдардын жана жол-жоболордун болушу документтерди электрондук жана (же) кагаз түрүндө түзүү жана сактоо менен камсыз кылынат.
Тамак-аш продукциясына көз салууну камсыз кылуучу документтер маркалоодо көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясынын жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин кеминде 1 жыл сакталат.
3. Субъекттер жана тамак-аш продукциясы кайталангыс идентификациялык (каттоо) номерди ыйгаруу менен көз салуунун мамлекеттик маалымат тутумунда катталат.
4. Көз салуунун мамлекеттик маалымат тутумунун иштөө тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
9-берене. Шайкештикке баа берүү
1. Азык-түлүк чийки затынын, тамак-аш продукциясынын жана аларды өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигине баа берүү төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:
1) адистештирилген тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;
2) жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;
3) алгачкы өндүрүлгөн продукцияга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
4) азык-түлүк чийки затынын жана тамак-аш продукциясынын шайкештигин декларациялоо формасында шайкештикти ырастоо.
2. Өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясынын жана кызмат көрсөтүүдө сатууга арналган тамактануу (коомдук тамактануу) ишканаларынын тамак-аш продукциясынын, ошондой эле аны сатуу процесстеринин шайкештигине баа берүү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт.
3. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин анын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын шайкештигине баа берүү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт.
4. Жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүзөгө ашырылып жаткан өндүрүштүк объекттерге мамлекеттик каттоо формасында шайкештикке баа берилүүгө тийиш.
5. Тамак-аш продукцияларынын шайкештигин ырастоо формасында шайкештикке баа берүү алар Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылганга чейин, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу ташып келинген продукцияга карата ал ташып келингенге чейин жүргүзүлөт.
10-берене. Тамак-аш продукциясын жүгүртүүдөн алып салуу жана кайра чакыртып алуу
Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген тамак-аш продукциясы, анын ичинде жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш продукциясы субъекттер тарабынан өз алдынча кайра чакыртып алынууга же болбосо ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругу боюнча белгиленген тартипте алып салынууга тийиш.
11-берене. Маалымдоо
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ташып келген, өндүргөн же кайра иштеткен продукциясынын шайкеш келбегендигин тапкан субъект ушундай продукциянын бар экендиги жөнүндө, ошондой эле көрүлгөн чаралар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга жана калкка тез арада маалымдоого милдеттүү.
2. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына продукциянын шайкеш келбегендигин тапкан ыйгарым укуктуу орган башка ыйгарым укуктуу органдарга жана калкка тез арада маалымдоого милдеттүү.
3. Башка өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарына маалымдоо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында жүзөгө ашырылат.
12-берене. Өзгөчө кырдаалдар
Тамак-аш продукциясын колдонуу менен шартталган жугуштуу оорулар жана массалык жугуштуу эмес оорулар (уулануулар) келип чыкканда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө кырдаалдар жаатындагы мыйзамдарга ылайык өз компетенциясынын чектеринде чектөөчү жана (же) тыюу салуучу чараларды жүзөгө ашырат.