Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
X ЧАКЫРЫЛЫШТЫН X СЕССИЯСЫНЫН VII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 15-сентябры № 2
Ак-Муз айылынындагы Исраилов Саяк атындагы бала бакчанын 2-корпусуна 2 тайпаны жайгаштыруу жөнүндө
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 15-сентябрь X чакырылыштын 10-сессиясынын 7-кезексиз сессиясында жогорудагы маселени угуп жана талуулап Ак-Моюн айылдык Кеңеши карап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Муз айылынындагы Исраилов Саяк атындагы бала бакчанын 2- корпусуна 2011-жылдан бери ушул 3 тайпа 75 бала тарбияланып келет.Ошол корпустагы 3-тайпанын жатаканаларын ордуна кошумча 2 тайтпаны жайгаштырууга 2025-2026-окуу жылы үчүн бир жылга макулдук берилсин
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп www.ak-moyun.org.kg веб- сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин;
4.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Молдоевко жана өзүмө калтырам.
Төрага | Б. Султангазы уулу |