Редакцияот 03.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели № 8

 

“Кара-шоро айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планынын

бекитүү жөнүндө”

 

Кара-Шоро айылдык кеңеши 2024-жылга карата айылдык кеңештин иш планнын бекитүү боюнча кеңири талкуулоонун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Шоро айылдык кенешинин 2024- жылга пландаштырылган иш планы бекитилсин.( Тиркеме тиркелет.2 барак)

 

2. Кара-Шоро айылдык кенешинин иш планында пландаштырылган маселелерди айылдык кеңештин сессияларына алып чыгуу. Айылдык кенештин тиешелүү туруктуу комиссияларынын төргаларына жана айылдык кенештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам 

 

 

Төрага:

 

Турдали у К.

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин

2024- жылдын, 3-апрелиндеги

№ 8 токтому менен бекитилди.

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024- жылга карата иш-планы

 

№

Каралуучу маселелердин мазмуну

Каралуу мөөнөтү

Маалымат, токтом долбоорун

 даярдоого  жооптуулар

1-квартал

1

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

3

2024-жылга айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү

 

 

Мал акыларын бекитүү, жайлоого көчүү жана келүү мөөнөттөрүн аныктоо эгинге түшкөн малга жазана салуу өлчөмдөрүн кароо.

 

Жазгы талаа иштерине даярдыктарды (сугат суу, үрөн, техника) карап чыгуу жана даярдыктарды күчөтүү

Март

 

 

 

 

март

 

 

 

 

 

 

март

Төрага орун басары, туруктуу комисиялардын төрагалары аталган маселе боюнча баяндама жасашат.

 

Жайыт комитети төрагасы, АК “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясы

 

 

 

АӨ жер адиси,

“Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясы

2-квартал

4

 

 

 

 

 

5

 

 

 

 

 

6

 

 

 

 

 

7

Айылдардагы көчөлөрдүн тазалыгы, түнкү жарыктандыруу иштери, арыктардын казылышы, көчөттөрдүн эгилиши боюнча

 

Айыл өкмөтүндөгү мектептердин, бала-бакчалардын материалдык, техникалык базасы жана шашке тамагына берилген тамак-аштын менюларынын аткарылышы. Ар квартал сайын көзөмөлгө алуу.

 

Сугат суу (СПА), таза-суу, тазалык муниципалдык ишканаларынын иш тартиби жана ижара келишимдерин кароо.

 

Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын алты айындагы аткарылышы боюнча маалыматы.

Апрель

 

 

 

 

Апрель.

Зарылчылыкка жараша.

 

 

 

Май.

Жылына кеминде бир жолу.

 

июль

АӨ жер адиси,

айыл башчылар,

“Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы

 

АӨ ФЭБ башчысы,

“Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы

 

 

 

 

Ишканалардын жетекчилери,

Кара-Шоро айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

 

АӨ ФЭБ башчысы,

“Бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссиясы

3-квартал

 

8

 

 

 

 

9

 

 

 

10

Ички жана сырткы жайыттардын пайдаланылышы, жайыт төлөмдөрүнөн түзүлгөн бюджеттин аткарылышы

 

Мектептердин жана бала-бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө

 

Элдерди медициналык жактан тейлөөдө, медицина мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери (ГСВ №22, ФАПтар)

 

 

август

 

 

сентябрь

 

 

 

Октябрь

ЖК төрагасы,

“Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясы

 

 

АӨ соц адиси,

“Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы

 

АӨ соц.адиси

“Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы

4-квартал

11

 

 

 

12

 

 

 

13

Айыл өкмөтүнүн бюджетинин тогуз айда аткарылышы боюнча маалыматы.

 

Күздүк айдоо, себүү, тоңдурма айдоо иштеринин жүрүшү

 

 

Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы ашыкча ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

Ноябрь

 

 

Ноябрь

 

 

 

декабрь

АӨ ФЭБ башчысы,

“Бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссиясы

 

“Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясы.

АӨ жер адиси,

 

Айыл башчылар,

“тартип жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы

АӨ соц.адиси,айыл башчылар.

“Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы

 

 

Төрага: Турдали у К.