Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-июлу №4/2
Казыбек айыл аймагында мал чарбасындагы мал оорулары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл аймагындагы мал чарбасындагы катталып жаткан мал оорулары анын себептерин алдын алуу максатында жайыттарга купкалоо,(ваннага салуу) иштерин уюштуруп, мал жаткан короолорго ветеринардык санитардык дезинфекциялоо иштерин уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;
-Ветеринардык санитардык мал ооруларына карата жүргүзүлүүчү дарылоо иштерине катуу көзөмөл жүргүзүлүүсү тапшырылсын, ветеринардык адистерге аймактагы жайыттарга барып жардам көрсөтүү жагы эскертилсин.
-Аймактагы ички жайыттарда мал корук маселеси боюнча бузуулар кодекси боюнча иш алып баруусу эскертилсин.
-Турак жай жана муниципалдык менчиктеги жерлер боюнча жер алган адамдардын кезектүүлүгү такталсын.
2.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |