КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 3-апрели № 10
“Кара-Шоро айыл аймагынын элинин мал багуудагы ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык Кеңеши айыл аймагынын айылдарындагы жалпы элдик чогулушунда кабыл алынган ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында
Токтом кылат
1. Ички жайыттан сырткы жайытка көчүрүү 2024-жылдын 1-майынан кеч эмес, көчүрүп келүү 1-сентябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин.
2. Кызмат көрсөтүүдөгү мал акылары,айына кой эчкиге (аралаш) 150 сом,жазгы төл 170 сом,мал жылкыга 700 сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кара-Шоро айыл аймагынын тургундарына 1-2ге чейиин саан уй, 1-5ке чейин кой-эчкиден алып калууга уруксат берилип, 2024-жылдын 1-майынан баштап бада уюштурулсун жана субай малдарды алып калууга тыюу салынсын.
4. 2024-жылдын 1-майынан баштап дыйкандардын улуш жерлерине корук уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлери кароосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтүүсү аткарылсын.
5. Эгин жана чөп ормого түшкөн малга түрүнө карабастан шарттуу мал башына 1000 (миң) сом өлчөмундө айып пул салынсын.
6. Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттарга көчүү конуу эрежелерине жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17-беренесинин 185-186-193 статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча “туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Турдали у К. |