Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-июлу №4/3
Казыбек айыл аймагында убактылуу комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык ишканасындагы техникаларды жеринде барып көрүү жана бухгалтери алмашкандыктан өткөрүп берүү, кабыл алуу иштери боюнча катышууга убактылуу комиссия курамына төмөндөгү депутаттар жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери сунушталсын:
1.З.Төлөгөнов
2. Ж.Мундушов
3.М.Эсенгулов
4.А.Орозмамбетов
5.Ф.Токушева
6.С.Өмүракунов
7.Т.Исаков
8.Б.Ж.Мамытов
9.А.Исмайылова
Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 15
2. Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |