Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-августу № 3
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияалары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Апселова Махабат Жолдошбековна, Шыгаева Фарида Күрүчбековна, Бөлөкбаева Гүлсайра Маданбековна, Ажибаева Индира Сагыналиевнанын талапкерликтери сунушталсын.
3. Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынан суралсын.
4.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп “chaek-aimak.kg” сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |