Редакцияот 03.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели № 12

 

“Кара-шоро айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги эскилиги жеткен (жараксыз) имараттарды аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө”

 

                Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Кара-шоро айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги эскилиги жеткен (жараксыз) имараттарды аукцион аркылуу сатуу сунушун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Шоро айыл аймагынын Семиз-Көл айылындагы ФАПтын эски имараты, Большевик айылындагы №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин чарба имараты, Ак-Жар айылындагы №22 Мама Кулуев атындагы орто мектебинин эски окуу имаратын жана Ак-Жар айылында жайгашкан айыл өкмөтү мекемесинин эскилиги жеткен жараксыз абалдагы имаратын аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

 

2. Сатуудан түшкөн акча каражаты жергиликүү бюджетке төгүлсүн.

 

3. Аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

 

Төрага:

 

Турдали у К.