КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 3-апрели № 14
“Кара-Шоро айыл өкмөтүндө келишимдин негизинде эмгектенгендердин эмгек акысы жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык Кеңеши Кара-Шоро айыл өкөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин келишимдин негизинде жумушка кабыл алынган кызматкерлердин бир айлык окладын бекитип берүү сунушун талкуулап
Токтом кылат:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде жумушка кабыл алынып жаткан кызматкерлердин бир айлык эмгек акысы 23450 (жыйырма үч миң төрт жүз элүү) сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |