КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 3-апрели № 15
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
Кыргыз Республдикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн II сессиясы
Токтом кылат
1.Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн атайын каражатына ата-энелердин төлөмү жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 650,0 миң сом план алууга макулдук берилсин.
2.Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесине жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |