КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 3-апрели № 17
“Семиз-Көл айылынын тургуну Ө.Алишеровтун арызы жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясынын отурумунда киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Кара-Шоро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Көл айылынын тургуну Ө.Алишеровтун арызынын негизинде, Ынтымак маала көчөсүнүн тургуну Ө.Алишеровтун жеке турак үйүнө “Өлбөсали Ажы-Ата” аталышындагы бала бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жеке турак жай ээлеген жалпы аянты 2000,0 кв м. жер тилкенин максаттык багыты жана турак-жайдын максаттык багыты бала бакчага өзгөртүлсүн.
3. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Кара-Шоро айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.
Төрага: |
| Турдали у К. |