КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 3-апрели № 20
“Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимин түзүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келшимин түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 7446 сандуу катын талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаменти менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Турдали у К. |