Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара- Шоро айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 21

 

Административдик аймактык бирдиктердин чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Өзгон районунун Кара-Шоро айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кара-Шоро айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып,жана талкуулап Кара-Шоро айыл аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Шоро айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2. Кара-Шоро айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин төрагасына жана Кара-Шоро айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчычына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын. 

 

 

Төрага:

 

Турдали у К.