Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара- Шоро айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 23

 

Большевик айылындагы алма бактардын келишим мөөнөтүн узартуу жөнүндө

 

 

                Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Большевик айылындагы алма бактын ижара мөөнөтүн узартуу боюнча сунушун угуп талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Шоро айыл аймагындагы Большевик айылынын №257 контурунун 5 га жер участогундагы алма бактарынын ижарага алган келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, кайрадан келишим түзүүгө макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

 

Төрага:

 

Турдали у К.