КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара- Шоро айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 25
“Муниципалдык ишканаларды бириктирүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кенеши, Кара-шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин “Тилекматов Токтосун Ата-Таза-Суу” муниципалдык ишканасына Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар жана суу пайдалануучулар бирикмелерин бириктирүү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Тилекматов Токтосун Ата-Таза-Суу” муниципалдык ишканасына Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар жана суу пайдалануучулар бирикмелерин бириктирүү долбоору колдоого алынсын.
2. Бириккен муниципалдык ишкана “Тилекматов Токтосун Ата” аталышында каттоодон өтүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Турдали у К. |