Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара- Шоро айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 26

 

Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы

 

 

                Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн III сессиясы

 

Токтом кылат

 

1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыттын жер салыгынан келип түшкөн 499,3 миң сомго киреше бөлүгүнө план алууга макулдук берилсин.

 

2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн билим берүү бөлүмүнүн 2221 беренесине жумшалсын.

 

3. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

 

Төрага:

 

Турдали у К.