Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-сентябрь №11-2
Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушундагы 0,40 га жер тилкесин Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына таянып, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 29-августундагы №23-6/5476 сандуу кайрылуусун карап чыгып,Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушунда жайгашкан 0,40 гектар жер тилкеси Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө107 орундуу бала бакча куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;
2. Берилген 0,40 га жер тилкеси муниципалдык менчиктеги жер болуп калтырылсын;
3. 0,40 га жер тилкеси Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мурда көп кабаттуу турак жай куруу үчүн берилген 0,60 га жер аянтына жакын жайгашкан жерден берилсин.
4. Жер тилкесинин чектерин тактоо жана тиешелүү техникалык документтерди даярдоо иши Ат-Башы айыл аймагынын айылөкмөтүнө жүктөлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
Тѳрага | У. Мелис уулу |