Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-сентябрь №11-3
Ат-Башы айыл аймагында тынчтыкты сактоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын камсыз кылуу максатында, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагында төмөнкү убакыт аралыктарында ызы-чууну жараткан аракеттерге тыюу салынсын: - жумуш күндөрү саат 22:00дөн – 07:00гө чейин; - эс алуу күндөрү саат 22:00дөн – 09:00гө чейин.
2. Тыюу салынган аракеттер катары төмөнкүлөр белгиленсин:
- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды, үн күчөткүчтөрдү жана башка түзүлүштөрдү колдонуп ызы-чуунун ченемден ашкан деңгээлин чыгаруу;
- музыкалык аспаптарда ойноо, ырдоо, кыйкырып-өкүрүп ызы-чуу чыгаруу; - коомдук жайларда, соода түйүндөрүндө жана коомдук тамактануу жайларында үндүн деңгээлин жогорулатуу.
3. Бул токтомдун талаптарын бузган жарандар Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылары эскертилсин.
4. Ат-Башы айыл өкмөтүнө жана тиешелүү мекемелерге ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу тапшырылсын.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|