Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-августу № 01-5/34
"Зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндө"
Кожомкул айыл аймагына караштуу, турак эмес имараттар,курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонуучу зоналдык коэффициенттер (КЗ) жана нарктык зоналарды бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ш. Урматовдун маалыматын угуп Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык
Кожомкул айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Кожомкул айыл аймагына караштуу, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар,ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонуучу зоналдык КЗ коэффициенти 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Урматов М.Ш. жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |