ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 20-январындагы № 19-3
Төөлөс айыл кеңешинин аймагындагы маданият тармагындагы аткарылып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Төөлөс айыл кеңешинин аймагындагы маданият тармагын өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылуу, маданият тармагын ар тараптан колдоо максатында.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Төөлөс айыл кеңешинин аймагындагы маданият тармагындагы аткарылып жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү туруктуу комиссиясын төрайымы Ж. Кабылованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Маданият тармагын өсүп-өнүгүүсүнө ар тараптан шарт түзүүнү камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы А.Эшматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин “Социалдык, маданият, спорт, миграция, туризм жана жаштар иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |