ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 22-августундагы № 19-5
Төөлөс айыл өкмөтүнүн Додон айылындагы спорт залынын курулушу жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын 17-августундагы №01-34-446 сандуу өтүнүчүн канаттандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн Додон айылындагы спорт залдын курулушу үчүн Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин коммуналдык чарба 70629 бөлүмүндөгү Додон айылындагы жолду асфальтоо үчүн бөлүнгөн 1500000 (бир миллион беш жүз мин) сом акча каражатын 70862 спорт бөлүмүнө жылдырууга №1 тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |