ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 22-августундагы № 19-8
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 22-августундагы №01-34/461 сандуу өтүнүчү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 сандуу “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу” жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Калктуу конуштардагы укук белгилөөчү документтери жок жер участокторун аянттарын кайсы жылдары белгилегендиги жана жайгашкан жерлерин эске алуу менен жер аянттарынын көлөмүн 0,15 га дан 0,20 га чейин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго жүктөлсүн.
3. Төөлөс айылдык кеңештин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |