Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырманчы сессиясы

 

2023-жылдын 5-октябрындагы № 20-2

 

Төөлөс айыл аймагын ирилештирүүгө жергиликтүү кенештин макулдугу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча Кыргыз республикасынын айыл аймактар деңгээлинде жүрүп жаткан административдик аймактык реформаны колдоого алып

 

Токтом кылат

 

1. Төөлөс айыл өкмөтүнө Он-Эки Бел айыл өкмөтүнүн Өрнөк, Он-Эки Мойнок айылы, Ынтымак айыл өкмөтүнүн Каримберди айылын кошуп ирилештирүүгө макулдук берилсин

2. Бириккен айыл аймагы Төөлөс айыл аймагы деп аталсын

3. Төөлөс айыл аймагынын борбору Муркут айылы деп аталсын

4. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу айылдык кеңештин “Айыл, суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

З. Жороев