ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырманчы сессиясы
2023-жылдын 5-октябрындагы № 20-3
Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы Герейт-Шорон орто мектебинин от кананы ондоп түзөө жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 4-октябрындагы Герейт-Шорон орто мектебинин от канасын оңдоп түзөө үчүн чыгаша бөлүмүндөгү билим берүү тармагынын 3111 беренесинен 2221 ондоп түзөө беренесине которуп берүү жөнүндөгү сунушун канаттандыруу максатында
Токтом кылат:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 4-октябрындагы Герейт-Шорон орто мектебинин от канасын оңдоп түзөө үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүмүндөгү 70921 билим берүү тармагынын 3111 беренесинен 550 000 (беш жүз элүү)сом акча каражатын ушул тармактын 2221 ондоп түзөө беренесине жылдырып берүүгө макулдук берилсин (№1тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго, каржы экономика бөлүм башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |