Редакцияот 16.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясы

 

2023-жылдын 16-октябрындагы № 21-1

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетти жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү №13-1 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 14-мартындагы №137 токтомуна негиз, айылдык кеңештин “ Экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк” боюнча турукту комиссиясында угуп жана талкуулап

Токтом кылат

 

1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин тогуз айда аткарылышынан 1.600 мин сом кошумча түшкөн акча каражатты, балдар бакчаларындагы тамак аш үчүн ата-энелер төлөмүнөн түшкөн 712,0 мин сом, жана юридикалык жер салыгын ордун толтуруу максатында кайра бөлүштүрүү фондунан ижара акысынан 103,4 мин сом акча каражаттарын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетине кирешелөөгө жана чыгашалоого №1 тиркемеге ылайык макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

3. Токтомудун аткарылышын жетекчиликке алуу айылдык кеңештин “Экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк ” боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

З. Жороев